• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасынын III этабы жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 17.05.22 /Кабар/. Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева тапшырды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, олимпиаданын жыйынтыгында 82 окуучу жеңүүчү аталып, анын ичинен 1-орунду 25 окуучу, 2-орунду 30 окуучу, 3-орунду 27 окуучу ээледи. Жалпысынан олимпиадага шаардын орто мектептеринин 224 окуучусу катышты.

Иш-чара №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин базасында математика, химия, физика, кыргыз тили жана адабияты, тарых, география, биология, орус тили жана адабияты, англис тили предметтери жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян унисерситетинде информатика предмети боюнча өткөрүлдү.

Жакшы көрсөткүчтөрү үчүн окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер да сыйланышты:

1.Усупбай уулу Кенжекул - №69 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2.Чолпонкулова Айнура Бердибаевна - №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
3.Горковенко Ирина Михайловна - №65 Экологиялык-экономикалык лицейинин орус тили жана адабияты мугалими;
4.Базарбаева Гүлмайрам Самиевна - №91 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
5.Токторбаева Татьяна Викторовна - И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназия автордук окуу комплексинин англис тили мугалими;
6.Байсалова Жазгүл Догдурбековна - №37 мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
7.Ишматов Мамат Юсупович - Е.Б Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу-тарбия комплексинин математика мугалими;
8.Долматова Елена Станиславовна - Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин физика мугалими;
9.Худайбердиева Хабиба Абдулажановна - №26 француз тилин тереңдетип окутуучу гимназия-комплексинин физика мугалими;
10.Стамова Сайра Бектурсуновна - №62 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин химия мугалими;
11.Михайлечко Светлана Викторовна — № 70 мектеп-гимназия окуу комплексинин химия мугалими;
12.Кулова Гульмира Саякбаевна - №24 мектеп-гимназиясынын биология мугалими;
13.Беляев Артем Александрович - Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу-тарбия комплексинин информатика мугалими;
14.Якимовская Ольга Алексеевна - №65 экологиялык-экономикалык лицейдин физика мугалими;
15.Тунайбаева Светлана Сайнидиновна - №26 француз тилин тереңдетип окутуу мектеп-гимназия комплексинин француз тили мугалими;
16.Сулаймановна Майрам Бавланкулова - №19 орто мектебинин немис тили мугалими;
17.Кадырбек кызы Айгерим - №69 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин кытай тили мугалими;
18.Айдарбекова Назима Айдарбековна - И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназия автордук окуу комплексинин корей тили мугалими;
19.Болотбекова Тинатин Болотбековна - №24 гимназиянын кытай тили мугалими;
20.Межовикова Татьяна Михайловна - И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназия автордук окуу комплексинин француз тили мугалими.

Олимпиаданы өткөрүү үчүн предметтик комиссиялардын курамына борбордогу 6 ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү чакырылган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасын уюштурууда жана өткөрүүдө кызматташуу үчүн комиссияга мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирет.

Шаардык мэрия окуучуларды жана алардын мугалимдерин мыкты жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий