• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын 3-этабы болот

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Бишкекте 27-28-февралда жалпы билим берүү предметтери боюнча мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасынын 3-этабы болот деп билдирди башкалаа муниципалитетинин басма сөз кызматынан.

Окуучулардын олимпидасы И.Раззаков атындагы КМТУнун жана №13 мектеп-гимназиясынын базасында өтүп, ага Бишкектин мектептеринен 327 окуучу катышат.

Олимпиадада калыстык кылууга И.Раззаков атындагы КМТУнун, Баласагын атындагы КУУнун, Ельцин атындагы КРСУнун, Арабаев атындагы КМПУнун профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү, Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын адистери, шаардын мектептеринин тажрыйбалуу мугалимдери чакырылат.

Олимпиададагы тапшырмалар КР Билим берүү министрлиги тарабынан даярдалган. Олимпиада математика, физика, химия, информатика жана гуманитардык предметтер боюнча өтөт.

Пикир

Оставить комментарий