• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте мектепке чейинки билим берүү бөлүгүнүн түзүлүшү жана мазмуну талкууланды

Билим 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясында министрлик тарабынан ЮНИСЕФтин колдоосу менен мектепке чейинки билим берүү боюнча педагогдордун дараметин жогорулатуу максатында иштелип жаткан Окуу паспортунун (мектепке чейинки билим берүү бөлүгү) түзүлүшү жана мазмуну талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле ЮНИСЕФтин консультанттары катышышты.

Аталган иш-чарада Окуу паспортунун интерфейси көрсөтүлдү жана педагогдор үчүн материалдарды жайгаштыруу түзүмү, принциби талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий