• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эми балдар мектепке электрондук кезек менен кабыл алынат. Катталуунун жол-жобосу

Коом 0

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейерманова билдиргени боюнча, өткөн жылдын август айындагы каттоого ылайык , Бишкек шаарынын кичи тилкелеринде (мектепке караган чакан аймак) 97 миңге жакын бала туруп, өзүнүн тилкеси боюнча мектепке 67 миң бала барат.

Акыркы үч жылда шаардын мектептериндеги окуучулардын саны жылга 10 миңге көбөйүүдө. Башкача айтканда, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң жана былтыр 157 миң бала болгон.

Мындан улам мектеп курагына - 6-7 жашка жеткен балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине автоматтык негизде жүрүүсүн камсыздоо үчүн электрондук жазылуу киргизилген. Буга чейин ушундай эле "Бала бакчага электрондук жазылуу" долбоору ийгиликтүү ишке ашып, жыйынтыгында аны биринчи класска барган балдар үчүн да киргизүү чечими кабыл алынган.

Буга байланыштуу ушул жылдын 15-февралынан тарта борбор калаада "Мектепке электрондук жазылуу" долбоору ишке кирет.

"Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет. Андан тышкары, ал министрликке биринчи класска орун жетпей калган балдардын эсебин алууга, маалыматтарды автоматтык негизде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - деди билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Ошондой эле ата-энелер үчүн "0800 800 8888" номерлери иштейт. Ал жактан адистерден арызды туура тапшыруу, керектүү документтердин тизмеси жана башка суроолор боюнча маалымат алууга болот. Чалуулар 13-февралдан тарта кабыл алынат. Ал номерге чет жерден да чалууга болот. Чалуу акысыз.

Ал кантип иштейт?

"Мектеп" порталына киргенде программа ата-энелерге жашаган же катталган жерине карабай жакын жайгашкан мектептерди көрсөтөт. Ошол эле учурда ал кандай мектеп, ал жерде канча бала билим алат, мугалимдери, биринчи класска орун барбы (ал жашыл өң менен белгиленет), канчасы толгону, канча кыргыз жана орус классы экенин, бала мектепке чейин кантип жетерин (жолун) көрсөтүп берет.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, баласын кайсы мектепке берүүнү ар бир ата-эне өзү чечет. Өзүнүн аймагында сунушталган мектепте жакпаса ата-энелер каалаган окуу мекемесин тандай алышат. Ал үчүн да "Мектеп" порталына кирип, арыз таштоо керек. Кызмат акысыз жүргүзүлөт. Жазылуу жыл сайын 15-февралдан башталып 15-майда аяктайт.

Кантип катталуу керек?

Катталуу эки баскычта жүрөт.

IT-адис Төлөгөн Аматов айтып бергендей, арыз таштоо үчүн www.mektep.edu.gov.kg порталына кирип, баланын аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн маалыматтарын киргизип, андан кийин ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү өзүнүн маалыматтарын толтуруусу керек (Аты-жөнү, паспорт маалыматтары). Биринчи баскычта жашаган даректи көрсөткөндө система жакын орун алган мектептерди көрсөтөт. Ата-энелер сунушталган мектептерге балдарын "бергиси" келбесе, экинчи баскычты өтүү зарыл - ал учурда система бош орундар калган мектептерди сунуштайт.

Арыз ташталгандан кийин дароо эле система тандалган мектептин директоруна кабарлама берип, ал балдардын тизмесин, тагыраагы мектепке түшкөн арыздардын баарын көрө алат. Белгилей кетсек, директор ар бир арызды ирет менен маселен биринчи кайрылуудан баштайт. Экинчиден же бешинчиден баштай албайт. Эгер арыз туура толтурулган болсо ал "макул" деген баскычты басат. Система баланын, ата-эненин маалыматтары ката толтурулса, ата-энелер жеңилдикти көрсөтүп ал жок болгон учурда арыздан баш тартууга жол берет.

Адамдык фактордон, коррупциялык схемалардын болбоосу үчүн арызга макулдук берилбеген учурда директор анын алдына түшүндүрмөсүн - кабыл албаганынын себебин жазат. IT-адистер менен Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери системаны жана жумушту көзөмөлгө алышат.

Ошол эле кезде ар бир баланын өзүнүн жеке идентификациялык номери болгондуктан ата-энелер бир эле бала үчүн эки жолу же бир эле учурда бир нече мектепке арыз бере албайт. Андайда система ал баланын маалыматтары катталганын билдирип, аны кабылдабайт.

Арызга макул берилгенде ата-эненин катталып жатканда жазган электрондук почтасына билдирүү жөнөтүлөт. Билдирүү почтадан башка социалдык тармактарга (Facebook, Odnoklassniki ж.б.) жиберилбейт. Андан кийин ата-энелер документтерди топтоп, мектепке келип, кабыл алуу боюнча арыз жазышат.

Кокус ата-энелер каттоонун аягына чейин (15-майга чейин) арыз берүүгө жетишпей калса, 15-майдан 15-августка чейин "кечиккендер" үчүн мүмкүнчүлүк берилет. Анда да ата-энелер августка чейин жетишпей калса, атайын түзүлгөн комиссия иштеп, ага кайрылууга болот.

"Системаны колдоно албагандар бизге - адистерге, кошуналарына же билген адамдарга кайрылса болот. Электрондук почта ачуу боюнча да биздин адистер жардам бере алат", - деди министрдин орун басары

Ошондой эле ал, бул долбоор учурда окуп жаткандарга колдонулбай турганын айтты. Башкача айтканда, ата-энелер баласын которууну, тагыраагы 4-класстан 5-класска өткөрүү үчүн алар каалаган мектебине барып, арыз жазышы зарыл. Ошондой эле бул система атайын мектептердеги балдарга тиешеси жок. Анткени алардын өзүнүн талаптары бар.

"Кабар" КУМА

Пикир

Оставить комментарий