• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мектептер эки күнгө гана убактылуу жабылмай болду

Билим 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкекте мектептер эки күнгө гана убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектептер толугу менен аралыктан окууга өтпөйт. “Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү учурунда мектептер эки күнгө жабылат. Белгилүү болгондой, 11-апрелде шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Айрым мектептерде шайлоо участоктору жайгашкандыктан эки күнгө жабуу чечими кабыл алынды. Шайлоо өткөн соң 12-13-апрель күндөрү санитардык күн жарыяланып, шайлоо тилкелери жайгашкан мектептер тазаланат”, - деди ал.

Иманалиева кошумчалагандай, ошондой эле борбор калаадагы шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин убактылуу жабылат. “Мындай чечим Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугуна кам көрүү максатында кабыл алынды”, - деди ал.

Иманалиева белгилегендей, шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчаларда дагы 12-13-апрель күндөрү санинтардык күн өткөрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлөт. “Андан соң бөбөктөр бала бакчага кадимкисиндей эле бара баштайт”, - деп белгиледи Иманалиева.

Эскерте кетсек, мурдараак Бишкек мэриясы борбор калаада 12-апрелден баштап коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин балдар бакчасы кайрадан жабылып, окуучулар онлайн окууга өтөрүн билдирген.

Пикир

Оставить комментарий