• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мектептерде боло турган теракт тууралуу жалган маалымат тараткан окуучу аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. “Тик-Ток” аркылуу Бишкектеги мектептерде боло турган теракттар тууралуу жалган маалымат тараткан мектеп окуучусу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-ноябрында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда, Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@krasty.mshn” аккаунтундагы “Тик-Ток” интернет тиркемесинин колдонуучусун тапкан.

“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар видеолорду жайгаштырган, 2009-жылы туулган Т.А.Ч. болуп чыкты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факт КР Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда КР УКМК Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК бейбаштык максатта же кандайдыр бир шылтоолор менен өз аракеттериңиздин олуттуулугун толук түшүнбөстөн, боло турган террористтик акт тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу менен коомдук коркунучту жаратып, калк арасын дүрбөлөңгө салып жатканыңызды, биздин өлкөнүн тургундарына жана конокторуна ыңгайсыздыктарды жаратып, олуттуу күч-аракетти, акчаны жана убакытты коротуп жатканыңызды, ошондой эле, мекемелердин, транспорттун иш тартиби бузуп жатканын белгилейт.

Мындан тышкары, мындай билдирүүлөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарынын көңүлүн терроризм актыларын жасоонун реалдуу коркунучу болгон учурлардан алагды кылуу коркунучу бар. Жазык кодекси мындай “тамашаларды” кылмыш катары квалификациялайт.

КР УКМК террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий