• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги мектептерде кадрлардын жетишсиздиги талкууланды

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында борбор калаадагы мектептерде кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара муниципалитеттин билим берүү башкармалыгы тарабынан демилгеленип, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

Тегерек столдун ишине жогорку окуу жайларынын жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Катышуучулар педагогикалык кадрлардын курч жетишсиздигин жана борбордогу билим берүүнү жакшыртуу жаатында ЖОЖдор менен билим берүү уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашты.

Жыйынтыгында ЖОЖдордун кесипке багыт берүү ишин күчөтүү, ЖОЖдордун студенттерине 2-3 курстан баштап узак мөөнөттүү педагогикалык практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүн, педагогикалык окуу жайларды бекитүү менен мектептердин профилин калыбына келтирүү зарыл деген жыйынтык чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий