• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте мектептердеги китепкана фондун инвентаризациялоо боюнча жаңы системанын иши көрсөтүлдү

Билим 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Бишкектеги А.Молдокунов атындагы №5 улуттук инновациялык технологиялар гимназиясында бүгүн, 18-декабрда мамлекеттик мектептердеги китепкана фондун инвентаризациялоо боюнча жаңы системанын иши көрсөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, "Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Жылдыз Узбекова, "Жаңы китеп" мекемесинин жетекчиси Төлөгөн Аматов катышты.

Азия өнүктүрүү банкынын "Секторду өнүктүрүү: Билим берүү системасын бекемдөө" долбоорун ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча 30 пилоттук мектептин китепканаларына, Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнө жана 10 "Келечек мектептерине" окуу фонддорун инвентаризациялоо үчүн компьютердик жабдуулар жеткирилген.

Ар бир пилоттук билим берүү уюмдун китепканасына бирден компьютер, көп функционалдуу шайман: принтер, сканер, ксерокс жана QR-кодду окуучу сканер жеткирилген.

Компьютердик жабдуулар мектеп китепканачыларына өз ишинде окуу китептерди башкаруучу автоматташтырылган маалыматтык системаны (АИС Жаны китеп) колдонууга шарт түзөт. Бул система китепканадагы окуу китептерден тартып, отчет алуу жана жаңы китептерге буйрутма берүүгө чейинки баардык процесстерди автоматташтырат.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунун жардамы мектептердеги окуу китеп менен камсыздоо маселелерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, ошондой эле мектеп китепканачынын ишин кыйла жеңилдетип жаңы деңгээлге чыгарат.

Жаңы китеп автоматташтырылган маалыматтык системаны толук кандуу иштетүү жана өлкөдөгү мектептердеги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кийинки жылдын башында өлкөнүн 2 миң 196 жалпы билим берүү уюмдарынын китепканаларына жогоруда атылган жабдууларды жеткирүү пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий