• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мектептердин материалдык-техникалык жабдуулары жакшыртылууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бишкекте мектептердин материалдык-техникалык жабдуулары жакшыртылууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык кеңештин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Бишкектеги №13, 68, 8, 42, 50, 57 мектептерге окутуу үчүн интерактивдүү панелдерди (такталар) тапшырды.

Мектептерди интерактивдүү жабдуулар менен жабдуу - бул билим берүү мекемелеринин заманбап стандарты. Колдонууга оңой “акылдуу” дисплейлер окуунун сапатын жакшыртат, азыр гаджеттер менен баарлашкан заманбап балдар үчүн кызыктуураак жана түшүнүктүү кылат.

Жалпысынан мектептерге 51 интерактивдүү панель (такта) тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий