• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мектептердин жанында ылдамдыкты азайтуучу “жасалма дөӊчөлөр” орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы билим берүү мекемелеринин жанына жасалма дөӊчөлөрдү салуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жөө жүргүнчүлөрдүн, биринчи кезекте балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жасалма дөӊчөлөр тиешелүү жол белгилери жана чийиндери менен төмөнкү даректерге орнотулду:

- Фере көчөсү, №46 мектептин маӊдайына;
- Огонбаев көчөсү, №4 мектептин маӊдайына;
- Бөкөнбаев көчөсү, №145 бала бакчанын маӊдайына;
- Ибраимов көчөсүндөгү №2 үй жана “Дордой-1” конушуна, “Бегимай” жеке менчик бала бакчанын маӊдайына;
- “Бакай-Ата” конушундагы Бакай-Ата жана Эр-Табылды көчөлөрүнүн кесилишине;
- Бакай-Ата жана Зулайка көчөлөрүнүн кесилишине.

Ошондой эле, асфальттын экинчи катмары төшөлгөндөн кийин, Буденный көчөсүндөгү №51 мектептин алдына ылдамдыкты азайтуучу жасалма дөӊчө салуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий