• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте мектептин сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бишкекте мектептин сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттардын фасаддарын оңдоонун алкагында Биринчи май районунун администрациясы №54 мектептин (Фучик, 76) сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялайт.

"Долбоорду ишке ашыруу үчүн бир аз каражат бөлүүгө даяр демөөрчүлөр изделип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Сынакка Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча Андрей Кончаловскийдин картинасынын түстүү жана ак-кара түстөгү дизайн иштеринин долбоорлору кабыл алынат.

Тематикалык багыт: бул тасманын башкы ролдорундагы Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин образын жаратышат.

Сынакка катышуу акысыз, арыздар orgotdelpra@mail.ru электрондук почта аркылуу "Сынакка" деген бөлүмчөнү белгилөө менен эскизи кабыл алынат.

Мэриядан белгилешкендей, сынактын жыйынтыгы 1-июнга чейин чыгарылат. Сыйлык катары жеңүүчү өз атын көркөм чыгармага жазып, борборубузга из калтыра алат.

Шаардыктар да, чыгармачыл топтор да өз идеяларын ишке ашырып, мурал искусствосун жаратуу үчүн чыгармачылык долбоорлорду сунуштай алышат.

Пикир

Оставить комментарий