• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте "Мен сергек жашоо үчүн" онлайн-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимиаты мектеп окуучулары жана бала бакчанын тарбиялануучулары арасында "Мен сергек жашоо үчүн" онлайн сынагын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи К.Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүлүп, 16 жаш жеңүүчүгө грамоталар жана белектер тапшырылды.

Балдар үчүн Биринчи май районунун Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары, №69 мектептин окуучулары, №24 мектептин мугалимдери жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулду.

Сынак КР президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий