• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Мерседес менен тез жардам унаасы сүзүштү – окуя жеринен видео

Коом 0


Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Кечээ, 25-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Бишкекте Чүй менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде "Мерседес-Бенц" менен тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

"Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, "Мерседес-Бенц" унаасынын 22 жаштагы айдоочусу Чүй проспекти менен бара жатып, Үмөталиев көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан тез жардам унаасын сүзгөн.

Жол кырсыгынан улам тез жардам унаасынын 50 жаштагы айдоочусу Улуттук госпиталга , ал эми "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилген.

Унаалар айып аянтчасына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий