• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте миң аялдын катышуусу менен элечек майрамы өттү

Маданият 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. 4-мартта Бишкекте “Ак элечек кийген миң аял – 2017” майрамдык иш-чара өттү. Ал Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына” арналган.

Иш-чарага Кыргызстандын бардык облустарынан ардактуу жашоочулар катышты.

Ата мекендик эстрада жылдыздар ырдашып, театралдык оюн-зоок, улуттук стилдеги мода көрсөтүлдү, уюштуруучулар элечекти ороону көрсөтүп беришти.

Элечек – селде түрүндөгү кыргыз аялдарынын эң байыртадан бери келе жаткан баш кийими. Ал ак түстө болот. Биринчи жолу жаш кыздарга элечек кийгизип, күйөөгө узатышкан. Кызды күйөөгө узатууда “ак элечегиң башыңдан түшпөсүн” деп айтышкан, бул үй-бүлөлүк бакыт калоону түшүндүргөн. Элечекти жайы-кышы кийишкен, аялдар элечексиз сууга баруу үчүн дагы боз үйдөн чыгышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий