• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Мидин Алыбаевди эскерүү адабий-көркөм кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 06.12.17 /Кабар/. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жыйындар залында 4-декабрда элибиздин залкар акыны, драматургу жана сатириги М.Алыбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган «Оргуган таланттын ээси» аттуу адабий-көркөм кече болуп өттү. Бул тууралуу кеченин уюштуруучулары билдиришти.

Адабий-көркөм кечеде Ж. Баласагын атындагы КУУнын доценти, филология илимдеринин кандидаты И.Султаналиев тарабынан түзүлүп, акындын мааракесине карата NEWТОН басмасы тарабынан басылып чыккан тандалма чыгармаларынын 2 томдугунун бет ачары болду.

Бул иш-чарада акын М.Алыбаевдин өмүр жолу жана чыгармачылык ишмердигине арналган сүрөт жана китеп көргөзмөлөрү уюштурулуп, кыргыз теле радиосунун архивинде жазылып калган көзү өтүп кеткен Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин, эл жазуучусу Эрнис Турсуновдун жана маркумдун жубайы Жыпариса Кудайбергенованын эскерүүлөрүнөн түзүлгөн кызыктуу видео тасма көрсөтүлдү.

Адабий кечеде Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, КРдин Улуттук Илимдер Академиясынын академиги Аскар Какеев, М.Алыбаевдин тандалма чыгармаларынын 2 томдугун түзүүчүсү ф.и.к. Ишенбек Султаналиев, Кыргыз эл акыны Омор Султанов, акын Рамис Рыскулов, жазуучу, тарыхчы, илимий-изилдөөчү Чоюн Өмүралиев, БГУнун проректору Гулнара Мурзахметова, мааракени уюштуруу боюнча Өкмөттук комиссиянын мүчөсү Айылчы Сарыбаевдер кечеге келишкен окутуучуларга жана студенттерге акындын чыгармачыл жолундагы урунттуу учурларга токтолуп, кеӊири эскерүү-баяндамаларды жасап беришти.

Кеченин жүрүшүндө келген меймандар Мидин Алыбаевдин уулу Медер Алыбаевдин жана күйөө баласы Илияс Кылычбековдун атасы жөнүндөгү эскерүүлөрүнө ортоктош боло алышты.

Адабий-көркөм кеченин жүрүшүндө эстрада ырчылары Токтобек Асаналиев, Айдай Сабитовалар акындын сөзүнө жазылган ырларды аткаруу менен жылуу маанай тартуулашса, №5-Улуттук компьютердик гимназиясынан келишкен окуучулар жана И.Арабаев атындагы КМУнун, БГУнун студенттери М.Алыбаевдин ырларынан көркөм окуп беришти.

Белгилей кетсек, адабий-көркөм кече БГУнун Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институту тарабынан М.Алыбаевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча түзүлгөн иш чаралардын алкагында өткөрүлүп, келген меймандарга, Мидин сүйүүчүлөргө ырахат тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий