• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Мигрант үнү" аттуу акция өттү

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта "Мигрант үнү" аттуу акция өттү, - деп билдирет "Замандаш" партиясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, демилге аталган партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов тарабынан көтөрүлгөн. Акцияга 600дөй адам катышты.

"Катышуучулар ар бир айтылган маселени баштарынан кечирип жаткандарын айтып, канчалаган биздин журтташтар мекенинен сыртта жүрүп, ИДӨнүн 3/1 бөлүгүн кармап келет, “мигранттар өлкөбүздүн реалду инвестору”- деп айтып келгенибиз менен өздөрүнүн үй-бүлөсүндө социалдык көйгөйлөр күндөн-күнгө жаралууда. Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. ашык болсо, анын ичинен расмий эмес 1 млн. ашыгы чет өлкөдө баш калкалап келүүдө. Демек, калктын 3/1 бөлүгүн түзгөн биздин журтташтардын маселелери көңүл сыртында калбаш керек. Миграция агымы жылдан жылга көбөйгөн сайын социалдык көйгөйлөрдүн саны ошончо көп жана токтобой өсүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-чарага чет жерде жүргөн биздин журтташтар атайын чакырылып, көйгөйлүү делген маселелерди ачык айтып, ЖМК аркылуу мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө тезинен чечип берүү талабын коюшту жана “Балам ачка калбаш үчүн мигрантмын”, “Миграция үй-бүлөмдү талкалады”, “Биз үчүн качан иштейсиңер”, “Биз дагы шайлоого укугубуз бар”, “Жыргагандан кеткен жокбуз” деген чакырыктар ташталган.

Ошондой эле чет жерде жүргөн мекендештердин өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу үчүн 40 миңден ашык атайын кол топтолгонун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий