• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте мигранттар менен алардын үй-бүлөсүнө арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Бишкекте Ololohaus Erkindik'те Борбор Азиянын таанымал сүрөтчүсү Эльер Нематовдун миграция темасына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөдө "Мен чет элдикмин" жана "Атаң эртең келет" аталышындагы сүрөттөр топтому коюлган. Ал сүрөттөр чет элдеги эмгек мигранттарынын жашоосун, адам тагдыры, алардын жашоосундагы маанилүү окуяларды камтыйт.

Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун маалыматы боюнча, 2017-жылы мигранттар Кыргызстанга 2,5 млрд. доллар которушуп, ал бүтүндөй өлкөнүн бюджетинин чыгымдарынан көптүк кылат. 2018-жылы биздин өлкө акча которуулардын ички дүң продукциясына карата үлүшү боюнча биринчи орунду ээлеген. Ошон үчүн, бүгүнкү күнү миграция темасы актуалдуу болуп келет.

Көргөзмө Ololohaus Erkindik'тин имаратында жайгашкан "Мигрант Ишкер" маалымат кеңсесинин колдоосу менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий