• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиция 3 айлык баланын өмүрүн сактап калууга себепкер болду

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Бишкекте милиция 3 айлык баланын өмүрүн сактап калууга себепкер болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-июнунда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда, болжол менен саат 16:20 чамасында Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен Opel үлгүсүндөгү унаанын 1968-жылы туулган Т.Б. аттуу айдоочусу шашып келип кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда унаадагы 3 айлык баласына дем жетпей, оор абалда экендигин айтып, жол тыгындарынан чыга албагандыгын белгилип, ооруканага тез баруусуна жардам берүүсүн өтүнгөн.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, жаркыратуучу жана үн чыгаруучу каражаттардын коштоосу менен оор абалдагы 3 айлык баланы ооруканага чейин коштоп келишкен.

Эртеси күнү 3 айлык баланын ата-энеси кайгуул кызматынын полкунун командирине жолукту. Баласынын ден соолугу азыр жакшы экенин айтып, жардам көрсөтүшкөн милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын улук сержанты Урмат Акматалиевге жана милициянын старшинасы Улан Жолдошовго ыраазычылыгын билдиришти.

Өз кезегинде милициянын кайгуул кызматынын полкунун командири Канатбек Жумаев мындай жакшы көрүнүштөр кызмат учурунда көп болорун айтып, коомчулукка жардам көрсөтүү милициянын негизги милдети экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий