• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция 4 жылдан бери дайынсыз болуп жаткан Дмитрий Зиниевди издеп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Бишкекте милиция 4 жыл мурда дайынсыз жоголгон Дмитрий Зиниевди издеп жатат. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 22-январда жаран З.Ш. 2019-жылдын март айында Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичирайонундай жайгашкан үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келбеген уулу 1974-жылы туулган Зиниев Дмитрий Шевкетовичти издөөгө жардам сурап кайрылган. Азырынча анын кайда экени эч кимге белгисиз.

Белгилери: бою 185 смдей, арыкчырай, чачы кыска кара, көздөрү көк.

"Урматтуу жарандар! Зиниев Дмитрий Шевкетовичтин жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0702 49-8888, 0557 11-94-10, 0709 33-24-63, 0704 300-843 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий