• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция адашып кеткен 5 жана 3 жаштагы балдарды таап берди

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине жеткирип берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-октябрда болжол менен саат 14:15тер чамасында милицияга Чүйков көчөсүнөн эки жаш бала жоголду деген маалымат түшкөн.

Белгилүү болгондой, 5 жаштагы кыз жана 3 жашар бала үйүнөн ойноп чыккан боюнча дайынсыз жоголушкан.

"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакытта Ибрагимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен адашып кеткен өспүрүмдөрдү таап, ата-энесине жеткирип беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий