• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция адашып кеткен баланы таап, апасына жеткирди

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып кеткен баланы таап, апасына жеткирди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 2-майда болжол менен саат 13:30дар чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей бала жоголуп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, 4 жашар К.О. аттуу кичинекей бала ойноп жүрүп жоголуп кеткендиги аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып кеткен жаш баланы Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Уулунун табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий