• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиция адашып кеткен кичинекей кызды таап берди

Коом 0

Бишкек, 03.04.21./Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери адашып кеткен кичинекей кызды таап беришти.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 3-апрелде болжол менен саат 12:00 чамасында "102" кызматына Бишкектин Лев Толстой жана Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 25 жаштагы А.Б. аттуу айым 4 жаштагы А.М. аттуу кичинекей кызы үйүнүн жанында ойноп жүрүп, жоголуп кеткендигин жана издеп жаткандыгын кабарлаган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада көп узабай адашып кеткен кичинекей кызды таап, апасына сак саламат жеткирип беришкен.

Кичинекей кыздын апасы кызынын табылганына сүйүнүп, милициянын кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий