• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция адашып жүргөн 5 жашар баланы таап, үйүнө жеткирип берди

Коом 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкекте милиция адашып жүргөн баланы таап, үйүнө жеткирип берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын сөз кызматы билдирет.

Маалыматкы ылайык, бүгүн, 19-февралда болжол менен саат 15:00дө Бишкек шаардык милициясынын "102” кызматына Свердлов районунда жайгашкан “Глобус” кичи маркеттердин биринде кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери келип, үйүнөн ойноп чыккан 5 жашар баланын адашып калгандыгын такташкан.

"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери жаш баланын жашаган дарегин издеп таап, бир тууган эжесине аман-эсен жеткирип беришкен. Өз кезегинде жаш баланын туугандары милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди", - деп кошумчалашты Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий