• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция Ак үйдүн кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бишкекте 2-марттагы митинг учурунда Ак үйдүн алдына келип, Жогорку Кеңеште иштеген кызматкерлерге кол көтөргөн аялдар изделүүдө.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 119-берене ("Майда бейшатык") боюнча каттоого алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий