• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция бир сааттын ичинде жоголгон баланы таап, ата-энесине кайтарып берди

Коом 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери бир сааттын ичинде жоголгон 12 жашар баланы таап, ата-энесине жеткирип беришкен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-январда райондук милиция бөлүмүнө баланын ата-энеси арыз менен кайрылып, бойго жете элек баласын табууга жардам берүүнү суранган. 12 жаштагы Г.А., аттуу өспүрүм ошол күнү мектепке чыгып, үйүнө кайтып келген эмес.

Милициянын маалыматына ылайык, кызматкерлер арыз түшкөндө дароо баланы издөө боюнча ыкчам иш-чараларды баштап, бир сааттын ичинде аны А.Токомбаев атындагы көчөдөн табышкан. Өспүрүм ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий