• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон 6 жаштагы баланы таап берди

Коом 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Бишкекте Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлери кечээ, 26-октябрда дайынсыз жоголгон 6 жаштагы Исламбек Осмоновду таап, ата-энесине өткөрүп беришти.

Райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 6 жаштагы бала досу менен жүргөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Эскерте кетсек, 17-октябрда саат 18:00дөр чамасында 6 жаштагы баланын жоголгону айтылган.

Пикир

Оставить комментарий