• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон балдарды таап, ата-энесине кайтарып берди

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен балдарды таап, ата-энесине кайтарып берди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жашы жете элек балдарды 2015-жылы туулган К.М., аттуу кызын жана 2017-жылы туулган К.Т. аттуу баласын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен шаардын Р.Г., аттуу тургуну кайрылган. Балдар 2-июнда саат 15:00дөр чамасында "Ак-Ордо" калктуу конушундагы үйүнүн жанында ойноп жатып, жоголуп кетишкен.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, дайынсыз жоголгон балдар ошол эле күнү Чүй облусундагы Сокулук районунун аймагынан аныкталып, табылып, сак-саламат ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде, балдардын ата-энеси милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий