• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция дайынсыз жоголгон карыяны таап, үйүнө жеткирди

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон карыяны таап, үйүнө жеткиришти.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 22-ноябрда "102" кызматына Москва көчөсүндө карыя жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Иштин жүрүшүндө Г.Л. аттуу жаран өзүнүн дайынсыз жоголгон 80 жаштагы жолдошун табууга жардам көрсөтүү үчүн арыз менен кайрылган.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Жибек-Жолу көчөсүнөн карыяны таап, үйүнө жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий