• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте милиция көчөдө адашып жүргөн 3 жаштагы баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери көчөдө адашып жүргөн 3 жаштагы баланы таап беришти.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2-ноябрда саат 17:00дөр чамасында "102" кызматына Боталиев көчөсүнөн кичинекей бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милиция кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда 3 жаштагы А. аттуу баланы эжеси издеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Чакыруу менен келген кызматкерлер ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип беришкен. Ал жактан баланы апасы алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий