• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция киши уурдоого шектүү жарандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция киши уурдоого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 3-майда болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн жаш баланы уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, ошол эле даректен 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу жаранга болжол менен жашы 20-25 курактага белгисиз балдар күч колдонуп, унаага салып кетишкендиги аныкталган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылу туулган А.Н. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Свердлов райондук ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР жазык кодексинин 170-беренесинин (Киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий