• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкери өрттүн алдын алып, адам өмүрүн сактап калды

Коом 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар кичи районунда милиция кызматкери көп кабаттуу батирден чыккан өрттүн алдын алып, эркек кишинин өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу борбордук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ саат болжол менен 23:30да Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Көк-Жардагы батирлердин биринен чыккан түтүн тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине №4 шаардык милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкери Д.Н. жөнөгөн.

“Аталган дарек боюнча келгенде милиционер үйдүн ошол кабатын толугу менен түтүн каптап калгандыгын көргөн. Ал түтүн чыгып жаткан батирге киргенде, үйдө эркек киши уктап жаткан. Милиция кызматкери ал кишини ойготуп, сыртка чыгууга жардам берген. Кайра чуркап кирип, түтүн чыгып жаткан жерди таап, аны өчүргөн. Милиционердин мындай эрдиги үчүн ошол үйдүн баардык жашоочулары ыраазычылык билдиришти”, - деп берилет маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий