• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкери жана ИИМ Академиясынын курсанты суицид кылууга аракет кылган аялды куткарып калышты

Коом 0

Бишкек, 08.12.17. /Айжамал Дуйшова - Кабар/. Милиция кызматкери жана ИИМ Академиясынын курсанты суицид кылууга аракет кылган аялды куткарып калышты. Бул тууралуу Бишкек ИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 7-декабрында КР ИИМ Академиясынын 3-курсунун студенти жана ШИИБнин ыкчам кызматкери аялдын бир башкача жүрүм-турумун байкашкан.

“Жибек-Жолу көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясынын көпүрөсүнө чыгып секирүүгө аракет кылган. Курсант жана милициянын ыкчам кызматкери дароо байкашып, аялды кармап калууга жетишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк аялдын өздүгү такталган, ал Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусу болуп чыккан. Ошого байланыштуу Аламүдүн районунун участкалык милициясы чакыртылган.

Учурда аял туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий