• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бишкектин Салиев менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милиция кызматынын инспекторун сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 17-апрель күнү Салиев менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан фильтрациялык постто Toyota Ist автоунаасын башкарган белгисиз айдоочу милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен аны сүзүп, из жашырып кеткен. Кырсыктан улам Бишкек шаарынын Кайгуул милиция кызматынын 26 жаштагы А.Т., аттуу инспектору тез жардам унаасы менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355-беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, унаанын турган жери аныкталган.

Инспекторду сүзүп кеткен 29 жаштагы И.А., аттуу айдоочу өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө келген. Шектүү жаран КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий