• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери 11 жаштагы кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматкерлери 11 жаштагы кызды таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-октябрда болжол менен саат 18:26да "102" кызматына өспүрүм кыз жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматы келген.

"А.В. аттуу аял арыз менен кайрылып, анда ошол эле күнү саат 17:00дө 11 жаштагы Н.А. аттуу кызы чөнтөк телефонго бирдик салуу максатында үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эместигин айткан. Чакыруу менен келген милиция кызматкерлери ыкчам издөө иш-чарасын уюштуруп, адашып жүргөн кызды таап беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий