• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери 7 миң сом пара алып жатып кармалды

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Бишкекте участкалык милиция кызматкерлери 7 миң сом пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, 19-февраль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жаран кайрылып, Биринчи май райондук милициясынын участкалык милиция кызматкерлери майда бейбашбык боюнча сотко чейинки тергөө ишинде оң чечим чыгаруу үчүн 10 миң сом пара талап кылганын билдирген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган.

"24-февраль күнү Бишкектин №3 балдар ооруканасынын аймагында 7 миң сом алып жаткан жеринен Биринчи май райондук милициясынын С.С. жана А.А. аттуу участкалык милиция кызматкерлери кармалды", - деп билдиришти министрликтен.

Иликтөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий