• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кызды таап, үйүнө жеткирди

Коом 0

Бишкек, 17.04.21. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кызды таап, үйүнө жеткирди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-апрелде Бишкек ШИИББнин “102” кызматына болжол менен саат 18:50 чамасында Рухий Мурас жаңы конушунан кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 4 жаштагы С.Г. аттуу айым кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган. Анда К.М. аттуу кичинекей кызы үйүнөн ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлап, издеп таппай жаткандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн кичинекей кызды таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Кызынын табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий