• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери автомектептердин директорлору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаарындагы автомектептердин директорлору менен жолугушуу өткөрдү.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, Бишкектеги “ДОСААФ”, "Дос Авто", "Кара жорго", "Мустанг", "Союз водителей" , "Чистая дорога" жана башка автомектептердин директорлору менен атайын жыйын уюштуруп, жол кырсыктарынын алдын алуу жана курсанттарды окутууда чогуу кызматташуу багытындагы маселелер талкууланды.

Жолугушуу учурунда техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктары көп катталып жаткандыгын белгилеп, ошол себептүү автомектептерде айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн окуп жаткан курсанттардын окуу процессин, базалык жактан толук камсыздап, теориялык жана практикалык жактан сабактар өтүлүүсүн белгиледи.

Окуу процесси үзгүлтүккө учуратпай курсанттардын баардык сабактарга толук катышуусу керек экендиги эскертилип, аптасына бир жолу кайгуул кызматкерлери автомектептерге барып практикалык сабактарды өткөрүп турарын кошумчалады.

Ошондой эле жакынкы күндөрү кайгуул кызматы “Пешеход” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөрүн белгилеп, мүмкүнчүлүк болсо автомектептердин курсанттары менен чогуу өткөрөрүн сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий