• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери бычактан оор жаракат алган жаранды сактап калды

Коом 0

Бишкек, 23.02.21 /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери бычактан оор жаракат алган жаранды сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн 3-взводунун № 352 кармоо тобунун кызматкерлери Айбек Өмүрбеков, Амантур Доронбеков жана Тагай Адырбеков 19-февралда болжол менен саат 22:50 чамасында 102 “Байкал” радиостанция байланышынан Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндөгү батирлердин биринен бычактан жаракат алды деп чакыруу алышкан.

“Биз 19-февраль күнү адаттагыдай эле кезметтеги күзөткө чыктык, бычактан жаракат алды деп чакыруу түшөр замат, айтылган дарекке бардык. Биз барган учурда батирде орус улутундагы адам жана анын жанында оор жаракат алган жаран кансырап жатканын көрдүк. Ошол замат жанымдагы кесиптешим шектүүнү кармады, биз болсо унаадагы дары-дармектерди салуучу баштыкчаны алып, тез жардам кызматы келгенче биринчи медициналык жардам көрсөттүк. Жараатынын канын токтотуп, андан соң жабыкаркаган адамды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп бердик”, - дейт Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн взвод командири, милициянын лейтенанты Айбек Өмүрбеков

Такталган маалыматка ылайык, жабыркаган 27 жаштагы Т.Э. аттуу жаран Бишкек шаарынын тургуну, ал бөйрөк тарабына ашкана бычагы менен жаракат алган. Кылмышка шектүү 33 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий