• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналына секирген кыздын өмүрүн сактап калышты

Коом 0

Бишкек, 15.11.18 /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери Чоң Чүй каналынын көпүрөсүнөн секирген кыздын өмүрүн сактап калышты. Ага дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 14-ноябрда "102" пультуна күндүз М.Гвардия көчөсүндөгү Чоң Чүй каналынын көпүрөсүнөн секирейин деп жаткан кыз тууралуу маалымат келип түшкөн.

Саат 13:35 чамасында милиция кызматкерлери Шайырбек Усупбаев жана Азамат Урманбетов чалуу боюнча окуя болгон жерге барышкан.

Милиционерлердин айтымында, алардын көзүнчө кыз каналга секирип кеткен. Алар анын артынан түшүп, суудан алып чыгышкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан.

Пикир

Оставить комментарий