• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү автоунаа жолдордогу 104 кайырчыны аныктады

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдөгү акча чогулткан кайырчыларды милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө. Эки күндүн ичинде алардын саны 104кө жетти.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, автоунаа жүрүүчү чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Айрыкча тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде турушуп айдоочулардан акча чогултуу учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп, кээде жол кырсыгына кабылып же “Коопсуз шаардын” видеокөзөмөлдөрүнө түшүп калган фактылар катталууда. Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдөгү жарандардын аты-жөнүн тактоо менен жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан дем алыш күндөрү 104 кайырчылык кылган жаран милиция бөлүмдөрүнө, 11 жаран “Коломто” муниципалдык жайына, ошондой эле эки бала өспүрүмдөр менен иштешүү кызматкерлерине жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий