• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери президенттин инаугурация аземине даярданууда

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Жакында өтчү президенттик инаугурация аземине байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында милициянын кайгуул кызматкерлери даярдык көрүү менен бирге коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Азырынча Садыр Жапаровдун инаугурациясы качан өтөрү тууралуу расмий маалымат айтылат элек.

Белгилей кетсек, күн мурун КР Боршайком мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды. Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Пикир

Оставить комментарий