• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте милиция кызматкерлери окуучулар менен бирге жөө жүрүшкө чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери окуучулар менен бирге жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты – айдоочуларды жаш өспүрүмдөрдүн жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл бурдуруу.

“Унаа айдап бара жаткан айдоочу жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербей же жаш өспүрүмдөрдү көрбөй сүзүп кеткен фактылар катталууда. Атайын талдоонун негизинде 2022-жыл ичинде 1857 өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган. Ал эми 2226 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышып, тилекке каршы, жол кырсыгынан 103 өспүрүм көз жумган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий