• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан вагонду өчүрүүгө көмөктөштү – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан вагонду өчүрүүгө көмөктөштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-ноябрда Милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 10:00дө Эркиндик жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен көп кабаттуу курулуп жаткан имараттын жумушчулары үчүн орнотулган вагондун күйүп жаткандыгын байкашкан.

"Милиция кызматкерлери тийиштүү өрт өчүрүүчү кызматтарды чакыруу менен бирге өрттүн андан ары тутанып кетишине жол бербей, эвакуациялоо иштерин жүргүзгөн. Тийешелүү кызматтар келгенге чейин ошол жерди курчоого алып турушкан", - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы келип, өрттү толук кандуу өчүргөн.

Жабыркагандар катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий