• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкерлери жапайы түлкүнү кармашты – видео

Коом 0


Бишкек, 06.01.22./Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жапайы түлкүнү кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январда болжол менен саат 20:15те "102" кызматына Тоголок молдо жана Шорина көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаныбар жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, ал жаныбар түлүк экендигин байкашкан.

Кайгуул кызматкерлеринин түлкүнү кармашып, аны жапайы жаныбарларга жардам көрсөткөн "Бугу Эне" фондуна өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, былтыр да кайгуул кызматкерлери кыштын күнү эл жашаган жерге чейин кирип келген карышкырды кармаган.

Пикир

Оставить комментарий