• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 3 жаштагы кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 3 жаштагы кызды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 12-апрелде саат 16:10дор чамасында “102” кызматына Дордой-1 көчөсүнөн кичинекей кыздын жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда А.З. аттуу аял 3 жаштагы кызын издеп жаткандыгын кабарлаган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кичинекей кызды Кайыңды көчөсүнөн таап, апасына жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий