• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 8 жаштагы кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 8 жаштагы К.А. аттуу кызды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 13-октябрда болжол менен саат 17:45те "102" кызматына Фучик көчөсүнөн кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 8 жаштагы К.А аттуу кичинекей кыз жоголуп кеткени айтылган. Ал болжол менен саат 12:00дөр чамасында үйдөн ойноп чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракетин жүргүзүп, кызды таап, апасына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий