• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция ойноп жүрүп жоголуп кеткен 4 жашар баланы таап берди

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкекте милиция ойноп жүрүп жоголуп кеткен 4 жашар баланы таап берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 25-апрелде болжол менен саат 20:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Эркиндик Бульвары жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кичинекей бала жоголду деген маалымат түшкөн.

Жерине келген кайгуул кызматкерлерине 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жаран 4 жаштагы баланы ойноп жүрүп жоголуп кеткендигин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен жаш баланы таап, атасына жеткирип беришкен.

"Уулунун табылганына сүйүнгөн баланын атасы милициянын кайгуул кызматкерлерине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген", - деп кошумалашты Милициянын кайгуул кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий