• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.10.20 /Кабар/. Бишкек милициянын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти сактоону улантууда, - деп билдирет шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги милиция кызматкерлеринин баары штаттык редимде иштеп жатат.

"Эгерде сиздин коопсуздугуңузга шек келтирүү фактылары болсо, милиция кызматкерлерине ыкчам 102 номуруна жана ыктыярдуу элдик кошуундарга кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий