• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте милиция такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бишкекте милиция такси айдоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош базарында, Аламүдүн базарларында, Чыгыш жана Батыш авто бекеттериндеги Бишкек шаарынын аймагынан сырткары алыскы каттамга каттоочу такси кызматынын айдоочуларына жеринен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушу учурунда жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол бербөө максатында айдоочуларга жол коопсуздук эрежелерин сактоо багытында тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Каттамга чыгуу учурунда атайын журналга катталып, авто унаанын техникалык абалына көңүл буруп, бааардык техникалык жабдыктар оң абалда болуусу эскертилди.

Ошондой эле “COVID-19” илдети дагы эле күчүндө болгондуктан, жарандардын коопсуздугу жана саламаттыгы үчүн антисептик, бет кап өңдүү баардык гигеналык талаптар так сакталуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий