• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте милиция өзгөчө маанилүү обьектилерди коргоого алды

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Азыркы убакта милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук коопсуздукту сактоого, өздүк жана мамлекеттик мүлктү жана өзгөчө маанилүү обьектилерди коргоого алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирет.

"Убактылуу мэрдин милдетин аткаруучусу Жоошбек Коеналиевдин буйругуна ылайык, бардык райондордун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар уюштурулган, алардын милдети милиция кызматкерлери менен биргеликте коомдун коопсуздугун сактоо. Эгерде сиздин коопсуздугуңузга шек келтирүү фактылары болсо, милиция кызматкерлерине ыкчам 102 номуруна жана ыктыярдуу элдик кошуундарга кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий